Menu

«Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин  аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоого, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жарандарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылууга жана бул адамдарды коргоо үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилеп, калктын мамлекетке жана анын түзүмдөрүнө болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган.

Ошондой эле коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарга коррупциялык укук бузуулардан өндүрүлгөн суммадан сый акы төлөнөөрү каралаган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: