Бул тууралуу 9-январда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
“Көпчүлүгү үйлөрүндө төрөлгөн, ал жакта ооруканалар жок. Көпчүлүгү көрүстөндөр менен акыр-чикир ташталган жайлардын жанында жашашат. Ден-соолукка коркунуч туудурган жерлер”, -дейт орун басар айым.
2019-жылы документи жок 728 бала аныкталган. “Бул сандар бери жагы гана. Бул айыл өкмөтү деген макамы бар айылдарда гана. Ал эми дачаларда канча бала бар? Эч ким текшербейт, ал жакта мектеп жок, көбү окубайт”, – деди ал.
Солтонбекованын айтымында, балдардын кээ бири документти соттун чечими менен алышат. “Бул балдарды алып туруп эле жөн эле Мамкаттоодон өткөрүп коюуга болбойт. Көпчүлүгү Орусияда, Казакстанда төрөлгөндөр. Маселе сот аркылуу агана чечилет. Алар төрөлгөн өлкөлөргө маалымат алуу үчүн атайын кат жөнөтөбүз”, – дейт орун басар айым.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ