Menu

Штаб башчы Казакбаев шефи экөө тең эйфорияга алдырып, ташыркай башташты

Бөлүшүү:

Соңку ирет өткөрүлгөн айрым жергиликтүү жана шаардык кеңештердин шайлоосунда «Республика» партиясы буга чейинки жарыштардагыдай табына келбей, марага илең-салаң илингенге жарашты. Мындай тыянакка партиянын борбордук штабындагылар да ичкүптү боло лидерлерге нааразы болгону кабарланды. Кызыгы, шайлоо баштала электе социалдык түйүндөр менен басма сөздө Бабановго карата «негизги фаворит» жарлыгы байма-бай тагылганына партия жетекчилиги менен штаб башчысы эмитен делөөрүп, эчтеке боло электе өздөрүн болочоктогу өлкө жетекчилиги катары санашып, эйфорияга алдырып жиберишкенин сезбей жатышкан го? Көздү тумандаткан мындай ыргак менен иш алып барышса, президенттик шайлоодо бийлик булардын талапкери Бабановду парламенттик жана жергиликтүү кеңештердеги жарыштай кылып 2-орунга чыгарып, баштан сылагандай назик эркелетип, «иттен чыгарып» коюшсачы? Руслан Казакбаев мааракесинде Атамбаевден башка бийлик төбөлдөрү куттуктап келгенине жетине албай, өпкөсүн ала чаап, өзүн булуттуу көктүн үстүндө жүргөндөй сезип алганбы? Таластык эмеспи, бу жигиттин да табиятын түшүнүш керек да. Бирок, өткөндөн сабак алыш керек да, туурабы?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: