Сауд Арабиясы, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги жана Египет Катар менен дипломатиялык мамилелерди үзүп, кургак, суу жана аба байланыштарын жаба турганын билдирди. Алар Катарды терроризмге жана эл аралык байланыштарды одоно бузууга айыпташууда.
Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги өлкө өзүнүн суверендүү укугун ишке ашыруу жана улуттук коопсуздукту терроризм жана экстремизмден сактоо үчүн Катар менен мамилесин токтотуп жатканын билдирди.
Бахрейн болсо Катар өлкөнүн коопсуздугуна жана туруктуулугуна доо кетирүүнү улантып, ички иштерине кийлигишкендиги үчүн ымаланы үзө турганын жарыялады. Билдирүүдө Катардын Бахрейнде башаламандыкты жайылтып, эл аралык келишимдерди бузуп, коңшулук принциптери жана моралдык баалуулуктар менен эсептешпей жатканы айтылат. Катар жарандарына Бахрейнден чыгып кетүү үчүн 14 күн берилди.
Египет Катарды террордук топторду колдоого айыптап, байланышын үздү.
Бахрейн менен Кошмо Штаттардын жакын өнөктөштөрү болгон Араб Эмирлиги жана Сауд Арабиянын Катар менен мамилеси көптөн бери чыңалып келе жатат. Персия булуңундагы өлкөлөр Катарды Иран жана “Ага-ини мусулмандар” сыяктуу ислам кыймылдарына өтө жакын деп билишет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ