Кошмо Штаттар менен Кувейт бир катар араб өлкөлөрүнүн Катар менен болгон дипломатиялык жаңжалын жоюу аракетин көрүшүүдө. Сауд Арабия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Египет Доханы экстремизмди колдоого айыптоодо.
Араб өлкөлөрү Доха Иранды жана аймактагы шиит козголоңчу топторду кубаттап жатат деп эсептейт. Бүгүн Катардын тышкы иштер министри Кувейт бул талаш-тартышты жөнгө салуу жараянына катышарын билдирди.
Катардын тышкы иштер министри, шейх Мухаммед бин Абдул Рахман аль-Тани Аль-Жазира телеканалына берген маегинде Доха жаңжалдын курчушун каалабай турганын айткан.
Кечээ, 5-июнда бир катар араб өлкөлөрү Катар менен кургак, суу жана аба байланыштарын, соода алаканы токтоторун жарыялашкан.
Катардын ТИМ башчысы саясий каатчылыкты чечүү үчүн тараптарды ачык диалогго чакырды. Доха тирешүүлөрдүн Кошмо Штаттар менен мамиленин бузулушуна жол бербей турганын убада кылды. Перс булуңундагы анча чоң эмес бул өлкөдө ири америкалык база жайгашкан.
Кувейт Катар менен Сауд Арабиясынын ортосунда эмиссарлык ролду аткарууну көздөп жаткан маалда, Американын расмий өкүлдөрү тараптар ортосундагы чыңалган абалды жайгарууга аракет жасашарын маалымдашкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ