Menu

Түлеевди куугунтуктоо буйругун ажо жеке өзү бергенби?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин башына түшкөн азапты жыландын баласына да каалабайбыз. Эл ичинде жасаган ишине жараша кадыр-баркы өсүп келаткан бул кыргыздын патриот уулун камакка алуу, соттоо, мүлкүн тартып алуу көрсө, бир гана максатта ишке ашып жатыптыр – бийлик ээлери Наримандын байлыгын өздөрүнө оодарып алууга кызыкдар тура…

Соңку кездерде Түлеевдерге тийиштүү “Сапат центр”, “Караван” ж.б. түйүндөрдү чак түштө бандиттерче басып алып жатышканына күбө болуп калдык. Ак үйдөгу айрым билармандар Түлеевдерге карата куугунтуктун артында президент Атамбаев жеке өзү тургандыгын айтып жүрүшөт. Мындан мурда, Нариман биринчи миллионду тряпка-материал ташып, б.а. маңдай тери менен тапканын айткан. Ошол эле маалда, ажо байлыкка таза эмес жол менен жеткенин кыйыткан. Балким, ушул жагдайга президент нааразы болуп жүргөндүр, ай ким билет! Анткен менен, бийлик тарабынан уюштурулган куугунтуктун айынан Нариман Түлеевдин үй-бүлөсү аябай катуу жабыр тартты. Баласынын ак жеринен капаска түшкөнүнө чыдай албай Ташболот ата дүйнөдөн кетти. Эми болсо, Наримандын өзүнүн ден-соолугу начарлап, Германияда дарыланып жатат. Минтип колунан иш келген мыкты балдарыбызды мекенибизге керек болуп турган учурунда ой-боюна койбой куугунтуктап, ден-соолугунан ажырата берсек, эртең Кыргызстанды кризистен ким чыгарып, ким экономиканы көтөрөт? Андан көрө ишке салып, тажрыйбасын пайдаланып калбайлыбы?

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: