Menu

Аблязов аны казак сотунун чечими «кызыктырбастыгын» билдирди

Бөлүшүү:

Учурда чет өлкөдө жашап жүргөн БТА банктын экс-башчысы Мухтар Аблязов аны казак сотторунун чечимдери кызыктырбай тургандыгын билдирди.

Сотто Аблязовду мамлекет тарабынан дайындалган адвокат Анжелика Ажигулова коргогон. Өкүм окулгандан кийин ал чечим боюнча апелляциялык инстанцияларга кайрыла турганын билдирди. Бирок Аблязов адвокат аны менен бир дагы жолу байланышпаганын айтты.

«Менин адвокатым деп аткан кишиге убара болбосун деп айтат элем. Анткени баары бир соттун бул чечимине эч ким ишенбейт. Батышта ал чечимдин күчү болбойт. Мага кандай өкүм чыгарышса да баары бир. Бул сот жасалма», – деди Аблязов.

Күн мурун Алматы соту Аблязовду БТА Банктын каражаттарын уурдоого, аларды мыйзамсыз пайдаланууга жана кылмыштуу топту түзүүгө күнөөлүү деп таап, мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен сыртынан 20 жылга эркинен ажыраткан. Өкүмгө ылайык, Аблязов банк секторунда үч жыл иштөө укугунан ажырады жана 300 бир айлык эсептик көрсөткүч (2100 АКШ долларынын айланасы) өлчөмүндөгү айып пул төлөп берүүгө милдеттүү.

Андан сырткары сот бул иш боюнча күнөөлөнгөн төрт адамды, анын ичинде Аблязовду «БТА Банкка келтирилген чыгымдарды» жана мамлекетке киреше салыгын төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал сумма 19 триллион теңгени (60 миллиард доллар) түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: