Menu

Данияр Абдыкаровго суроо берсек, 2 миллион сом доолап атканы кандай?

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 7-февралында «Азия Ньюстун» биринчи бетине «Камила Дүйшөбаеванын өлүмүн Данияр Абдыкаров 50 миң долларга пулдаганбы? Бул боюнча фактыларды ИИМ эмнеге ачыктабайт?» деп суроолорду койгонбуз. Болду. Башка ашыкча бир сөз жок.

Арданып кеттиби, же аксынып атабы? Айтор, ИИМдин экс-орун басары, учурда «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын башчысы Данияр Абдыкаров «Азия Ньюс» гезитин Октябрь райондук сотуна берип, 1 миллион сом өндүрүп алуу үчүн доо арыз жазган. Болгону жогорудагы эки суроого. Ушул үчүн ишкердик бедели сынып, моралдык жагынан зыян тартып, кашайып калдыбы? Ким ишенет?..

Ал эми кечээ, 3-апрелде сот процесси уланып, каршылаш тарап дагы кошумча доо арызын өндүрүшкө киргизди. Түшүнөн чочуп кетишкенби (?), кызыгы, гезитибиздин 2017-жылдын 5-январында чыккан «Данияр Абдыкаров маркум Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнөн бизнес жасаганбы?» деген собол салынган маалыматты көтөрүп чыгышыптыр. Бул суроодон да 1 миллион сом өндүрүп алууга үмүт кылып турушат. Таңгаласың, мамлекеттик кызматкерлердин ишмердигине реалдуу сын-пикир айтылбаса, анда бизде кайдагы өнүгүү? А бул жерде сындаганды мындай кой, суроо берсең сотко сүйрөлүп, түшүнүксүз жагдай жаралууда. Аныгында, сөз эркиндигине, демократиялык баалуулуктарга шек жаралып, коркунучтуу замандын желаргысы согуп аткан жокпу?..

Негизинен алганда, «Азия Ньюска» чыккан суроолорго генерал Абдыкаров жооп узатып койсо, гезит бетине жарык көрмөк. Антпеди. Мунун «тилеги» башка окшойт. Же артынан кимдир бирөө күүлөп атабы?..

Ток этерине келгенде, учурда Октябрь районунун соту Майрам Дюшембиева ишти карап атат. Адилеттүүлүк, кара кылды как жарган калыстык болоруна азырынча ишеним бар. Кеп али алдыда…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: