Menu

Адахандын тарапташтары экиге бөлүндү

Бөлүшүү:

Ар дайым кооз сүйлөп тилинен башка берекеси жок деп жеме уккан, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдурган “булбул” саясатчы Адахан Мадумаровдун тарапташтары экиге бөлүндү. Факты менен айта турган болсок Россиянын Москва шаарында иштеп, жашап жаткан кыргызстандык мекендештер кайрылуу менен чыгышты. Алар алыста болгонуна карашпай Кыргызстанда болуп жаткан окуялардан кабар алып турарын, мекенибизде тынчтык болсо экен деген тилектери бар экенин, ар бир саясатчы өз көмөчүнө күл тартпай жалпы элдин камын ойлосо экен дейбиз. Тилекке каршы элди ойлогон саясатчылар аз болууда дешет мекендештер. Алар Мадумаровго “сизге терең ишеним менен карайт элек, сизди өтө таза, ак ниет саясатчы деп эсептеп келгенбиз. Ошондон улам сизди шайлоолордо колдоп жүрдүк. Сиз Москвага келгенде тосуп алып, сиздин сөздөрүңүздөн кубат алчу элек. Биз жаңылышкан экенбиз. Сиздин сөзүңүз башка, кылганыңыз башка экен. Биз сизден да адашып жүргөн экенбиз. 2009-жылы коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, кыргыз-тажик чек арасындагы 275 метр аймакты Таджикистандыкы деген протоколго кол койгонуңузду билдик. Биз үчүн бул күтүлбөгөн сокку болду. Сизди кыргыз жерин саткан десе ишенчү эмеспиз. Каркыраны деле ушундай жол менен казактарга карматып жиберген экенсиз. Ал документти көрбөгөндө ишенбейт элек” деп 54 кишинин колу коюлган кайрылуу тарады. Мадумаровду колдобой калдык деп чыгып жаткан каралоону уюштургандарга экинчи тарап каршы сүйлөп чыгышты! Кимисине ишенели?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: