Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу–кат боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, Дүйнөлүк банк менен Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыз кылуу тутумунун абылын жакшыртуу багытында грантык жардам боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. «Келишимге ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 400 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Аудитордук жумуштарды жүргүзүү үчүн да каражат каралууда», – дейт ал.
Андан тышкары, гранттык каражат толугу менен «Бишкек жылуулук тутуму» ишканасына бериле турганы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ