Menu

Эдил Байсалов элге душман эмеспи?

Бөлүшүү:

Июнь окуясын уюштургандардын бири Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт алып, качырганга ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов аракет кылгандыгы тууралуу маалыматтар байма-бай чыкты. Маалыматтарда Эдил Байсаловдун ошол кездеги тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин атына кат жазып, бир катар жарандарга, анын ичинде Кадыржан Батыровго дагы дипломатиялык паспорт берүү жагын суранган.
Бул маалыматты биз Эдил Байсаловдун өзүнөн тактап көрдүк.

— Кадыржан Батыровдун сыртка чыгып кетишине сиз көмөктөшкөнүңүз чынбы?
— Апрель окуяларынан он күн өтүп калганда Убактылуу өкмөт белгилүү коомдук-саясий ишмерлерден турган кеңешчи орган түзөт. Анын курамына Кулов, Масалиев, Мадумаров, Батыров сыяктуу инсандар чакырылат. Кадыржан Батыров ал кеңешменин төрага орунбасары болуп шайланат. Батыров мага өзүнүн дипломатиялык паспортунун мөөнөтү аяктаганын (ал диппаспортту 2005-жылы март айында депутат болгондо алыптыр), жана аны жаңылап берүүнү өтүнгөн. “Жарандардын кайрылуулары жөнүндө” мыйзамга ылайык, мен анын өтүнүчүн тийиштүү органга жөнөтүп, караштырылышын суранууга милдеттүүмүн. Мен азыр деле бул сөзүмө жооп бере алам.

— ТИМ эмне деп жооп берди?
— Тышкы иштер министрлигинен кайрылууга жооп келген. Анда Кадыржан Батыровдун диппаспортун узартууга негиз жок деп айтылган. “Жок” деген сөздү мен “жок” деп эле ал кишиге айттыргам. Батыров бул маселе боюнча кайра-кайра кайрылганы эсимде. Отунбаевага бир да жолу басып келген жок,  ал убакта “бул жөн эле аял” дегендей, мамилеси салкын болчу. Диппаспорт берилбей турганын билгенден кийин Батыровдун Отунбаевадан биротоло көңүлү калган.
Ал убакта Конституция токтотулуп, Жогорку Кеңеш менен соттор таркатылган. Эми ошондой күндө бир паспорттун мөөнөтүн узартып коюу – эч кандай көйгөй эмес эле. Бирок андай кадамга эч ким барган жок. Бул, дагы бир жолу кайталайм, апрель айында болгон окуя. Менин катым деле ошол жерде, жаңылышпасам, 19-апрелде жазылган. Каалаган киши барып ТИМден текшерип, паспорт берилбегенин тастыктай алат. Элге болсо, Батыровго паспорт июнь окуяларынан кийин берилген деп атайын көбүртүлүп айтылып жатат. Мен болсо Убактылуу өкмөттөн 25-май күнү эле кеткем, толугу менен нааразычылыгымды билдирип, протест кылып кетип калгам. Ошондуктан мен жөнүндө айтылып жаткан сөздөр – башынан аягына чейин карандай калп жана жалаа.

Кымбат Турдубекова

Булак: ПолитКлиника

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: