Борбор калаада жаңы коронавирустук инфекция менен ооругандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу, мурда даярдалган кошумча койко-орундар COVID-19 жана этиологиясы белгисиз пневмония менен ооругандарды кабыл алуу үчүн ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Бишкектеги 11 оорукана бейтаптарды кабыл алууну жүргүзүүдө:
Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана – 100;
Кыргыз-Түрк достук ооруканасы – 70 орун;
№1 шаардык клиникалык оорукана – 92;
Улуттук госпитал – 80;
Улуттук фтизиатрия борбору – 38;
Улуттук эне жана баланы коргоо борбору – 30;
Улуттук онкология жана гематология борбору – 10;
Улуттук хирургиялык борбор – 15;
Улуттук кардиология жана терапия борбору – 50;
Темир жол ооруканасы – 56;
№2 клиникалык төрөт үйү – 20;
Жалпысынан 561 койко-орун ишке киргизилди.
Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн, ооруканалардын картасы иштелип чыккан. Анда COVID-19 менен ооругандарды кабыл алган Кыргызстандын ооруканалары (даректери жана байланыштары, бош орундардын саны, медициналык кызматкерлердин саны, ИВЛ аппараттардын саны) жөнүндө актуалдуу маалыматтарды таба аласыз: map.covid.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ