Menu

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы “Референдум жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун талкуулады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-майда “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган демилгечилердин бири Бакыт Төрөбаев аракеттеги мыйзам Конституцияга шайкеш келбестигин айтып, андан улам колдонуудагы мыйзам менен референдум өткөрүүгө болбостугун белгиледи. Буга байланыштуу конституциялык мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында мыйзам долбоорун иштеп чыгууда аракеттеги мыйзамдын 36 беренесине түзөтүү зарылдыгы аныкталгандыктан, жаңы мыйзам долбоору катары киргизүү маселеси чечилгендигин кошумчалады.

Сунушталып жаткан конституциялык мыйзам долбоору менен референдум өткөрүү практикасына жаӊы автоматташтырылган технологияларды киргизүү үчүн мүмкүндүк коюлууда, бул фальсификациялоолорду жана бузууларды жок кылууга мүмкүндүк берет. Жарандардын биометрикалык маалыматтарын, ошондой эле референдумдун катышуучуларынын электрондук тизмесин колдонууну киргизүү сунушталууда Бул адам факторун колдонуу менен шайлоонун жүрүшүнө таасир этүү мүмкүндүгүн болтурбайт.

Жыйынга чакыралган Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов бул мыйзам долбоору кечиктирилип чыгып жаткандыгын, баардык мыйзамдар Башмыйзамга шайкеш келтирилиши керектигин белгиледи. Фракция депутаттары бир добуштан мыйзам долбоорун колдоого алышты.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев, Тынчтык Шайназаров, Алмамбет Шыкмаматов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: