Кытайдын полициясы Бээжиндеги АКШ элчилигинин жанында бир эркек киши колго жасалган чакан бомбаны жардырып жибергенин ырастады. Шектүү 26 жашта экени кабарланды. Азырынча анын бул кадамга эмне үчүн барганы так айтыла элек.
Ага чейин Бээжиндеги бир катар күбөлөр Америка элчилигинин жанында жардыруунун добушун угушканын билдиришкен болчу.
Социалдык тармактарга жарыяланган видеодон полиция аймакты курчап турганын, дипломатиялык өкүлчүлүктүн жанында түтүн асманга көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот.
Кытайлык Global Times мамлекеттик гезити бул окуяны өзүн-өзү өрттө менен байланыштырууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ