Menu

Батыш Казакстанда жүздөгөн чарбачылыктар полигондо жайгашкан

Бөлүшүү:

Батыш Казакстан облусунун Бөкөй Ордо районунда 127 мал чарбачылыгы Орусия ижарага алган аскердик сыноо полигонунун аймагында жайгашкан. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына район акими Нурлан Ракымжанов айтты.

Акимдин билдиришинче, ижарага алынган жер кооптуулугу боюнча үчкө бөлүнөн. Чарбалар үчүнчү категорияда орун алган.

– Үчүнчү категорияда сыноо дээрлик болбойт. Негизи сыноолор биринчи жана экинчи категорияда жүргүзүлөт. Аскер кызматкерлери ал жерлерде сыноо башталганы тууралуу эскертүү жасоого милдеттүү эмес. Себеби ал аймакта биздин чарбачылыктар болбошу керек, – деди аким.

Маалыматтарга караганда, Бөкөй Ордо районунун бардык аймагынын (1 млн 931 гектар) жартысын Орусия ижарага алган. Ал жерде Орусиянын Мамлекеттик учуу-сыноо борбору жана Капустин Яр сыноо полигону жайгашкан.

Астана менен Москванын келишими боюнча бул аймакта курулуш иштерине тыюу салынган. Район жетекчилиги өрт коопсуздугун камсыздоого тийиш.

Казакстан 2017-жылы аймактагы 1400 гектарды кырдуу шагыл өндүрүү үчүн кайтарып алган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: