Menu

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Фискалдаштырууну киргизүүнү ыкчамдатуу салык тармагындагы көйгөйлөрдү четтетет

Бөлүшүү:

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиясынын кеңешмесине катышты. Бул туралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде 2018-жылдын 6 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, салык карыздарын төлөтүп алуу боюнча иштин абалы, салык органдарынын салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча ишинин жыйынтыгы, ошондой эле жергиликтүү салыктарды, атайы салык режимдерин башкаруу жана башка бир катар маанилүү маселелер жөнүндө маалымат угулду.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын январь-июнь айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 37,5 млрд. сом салык жана төлөмдөр чогултулган. Бекитилген план 101,3%га, же 468,3 млн сомго ашык аткарылган. 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 3,9 млрд. сомго, же 11,5 % жогорулаган. Анын ичинде республикалык бюджетке 30,4 млрд. сом салык түшкөн. Пландын аткарылышы 101,1 % түзүп, же 316,8 млн. сомго жогору аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 3,3 млрд. сомго, же 11,7% жогорулаган.

Жергиликтүү бюджетке түшүүлөр 7,7 млрд. сомду түзүп, план 102,2% аткарылып, же 151,5 млн. сомго көп болгон.

Жалпы республика боюнча белгиленген пландын аткарылышына карабастан, бюджетке салыктарды чогултуу боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү бир катар аймактык салык органдары камсыздаган эмес. Алардын катарына Биринчи Май, Панфилов, Ала-Бука, Чаткал райондору,  Балыкчы, Токмок, Майлуу-Суу, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарлары боюнча салык органдары кирет.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун айтымында, бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда Салык кызматынын ролу жогору. Отчеттук мезгилде мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн эсебинен түшкөн кирешелер 37,5 млрд сомду түзгөн, бул 59,5%.

“Ошол эле учурда бюджетке салык жыйымдары боюнча көрсөткүчтөрдү камсыздай албаган жогоруда аталган Салык органдарынын кемчиликтери байкалууда. Ошол себептен салык органдарынын жетекчилигинин жоопкерчилигин карап чыгып, тийиштүү чаралардын кабыл алынышы керек. Салык түзүмдөрүнүн айрым жетекчилеринин шалаакылыгы Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасынын аткарылышынын жалпы көрсөткүчтөрүнө өз таасирин тийгизбеши керек», – деди Замирбек Аскаров.

Замирбек Аскаров белгилегендей, Мамлекеттик салык кызматы башка ведомстволор, жергиликтүү бийлик органдары, инвесторлор жана өнөр жай ишканалары менен биргеликте иш алып баруусу тийиш. Салык саясатын туура жүргүзүлгөндө гана салык көрсөткүчтөрүнүн өсүшү орун алат.

«Салык тармагындагы көйгөйлөрдү четтетүү үчүн фискалдаштыруу тутумун киргизүүнү ыкчамдатуу зарыл. Бул – Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүүдөгү жүрүп жаткан реформалардын алкагындагы негизги талабы», – деп белгиледи вице-премьер-минитср Замирбек Аскаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: