Menu

Өзбекстанда каналда табылган адамдын дене бөлүктөрү боюнча иликтөө жүрүүдө

Бөлүшүү:

Июль айынын башында Кашкадарыя облусундагы каналдардын биринде эки кишинин денесинен ажыратылган үч бут табылган. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына 23-июлда укук коргоо органдарындагы өз булактары билдирди.

Маалыматты тастыктоо иретинде жөнөтүлгөн маалымкатта “Эски анхор” каналында табылган дене бөлүктөрү өлүмдүн себебин аныктоо үчүн Соттук-медициналык экспертиза бюросуна жиберилгени жазылган.

Соттук-медициналык экспертиза бюросунун башчысы Зебо Рузиева табылган буттар кимге таандык экени аныктала электигин билдирди.

Чиракчин районук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери каналда табылган үч бут аялдардыкы экенин айтты. Ал “кылмыштын бардык белгилери бар экенине карабай, укук коргоо органдары муну жашырып, аялдардын буттары тулку-боюнан табият кырсыктарынын кесепетинен ажырап кеткен деп жатышканын” кошумчалады.

Учурда буттар кимдерге таандык экенин аныктоо үчүн ДНК экспертизасы дайындалды.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: