Menu

ИИМ: Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Бөлүшүү:

Активист Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Facebook» социалдык тармагында М. Аспековдун кайрылуусу жарыяланып, анда ал учурдагы Кыргыз Республикасынын Президенти 2021-жылдын 10-январында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүттөө иштеринде мурдагы президент С. Жээнбековдон  10 000 000 АКШ долларын алгандыгын,   акча каражатын Кыргыз Республикасынын бардык облустарында шайлоо алдындагы үгүттөөгө коротконун билдирген. Мунун негизинде ал ишенимдүү адамдары тарабынан шайлоочуларды сатып алууну жүргүзүп келгенин дагы кошумчалаган.

Бул факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (Шайлоочуларды сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Азыркы учурда жогорудагы фактылар боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: