Menu

Тогуз-Тородо жол курган ишкананы карактагандар кармалышты

Бөлүшүү:

Тогуз-Тородо жол курган ишкананы карактагандар кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2021-жылдын 25-апрель күнү Тогуз-Торо РИИБдин 102 телефон номерине Түндүк-Түштүк альтернативдүү жол курулуш иштерин жүргүзүп жаткан ишканалардын биринин өкүлү 1980-ж.т. Н.Э. кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 21:20 чамасында Тогуз-Торо районунда жайгашкан Түндүк-Түштүк альтернативдүү жол курулуш иштерин жүргүзүп жаткан ишканага белгисиз үч жаран келип, кароолчулар отурган контейнердин эшиктерине таштар менен уруп, аларды коркутушуп, ишканада иштеген жарандарды сыртка чыгарбай, ишкананын ичинен кабель жана башка буюмдарын автоунаасына салып алып кетишкендигин билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. 

Ошол замат окуя болгон жерге Тогуз-Торо РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүлгөн. Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө кабель жана башка буюмдарды алып качып бара жатышкан жеринен Тогуз-Торо районунун тургундары 1985-ж.т. Ж.У. жана 1989-ж.т. Ж.К. өздөрүнүн “Фольксваген-Гольф-3” үлгүсүндөгү автоунаасында кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: