Нарындын Жумгал районунда жол кырсыгынын кесепетинен айыл өкмөтүнүн К. Жумабек аттуу ветеринардык адиси каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, маркумду сүзүп кеткен “ВАЗ 2121” (Нива) үлгүсүндөгү унааны Жумгал районунун акиминин орун басары Б.Ж башкарып бараткан.
Жол кырсыгы 10-декабрда кечки саат 18.30 чамасында Кочкор-Арал-Төө-Ашуу жолунун тилкесинде болгон.
Унааны башкарып бараткан акимдин орун басары жолго чыга калган жылкыларды сүзүп албаш үчүн унааны буруп жиберип, ошол учурда тротуарда кетип бараткан К. Жумабекти коюп кеткен.
Жабырлануучу райондук оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген, бирок кийин алган жарааттарынан улам көз жумган.
Жол кырсыгы болгон жерде түнкү жарык берүүчү мансаптары коюлган эмес.
Окуя учурунда акимдин орун басарынын жанында Жумгал районунун ӨКМ бөлүмүнүн жетекчиси У.А дагы болгон. Алардын мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген.
Азыркы учурда Нарын облусунун губернатору окуя болгон жерде.
Аталган факт боюнча иликтөө жүргүзүлүп, керектүү экспертизалар дайындалды.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ