Menu

Аудио – Камчыбек Жолдошбаев: “Салымбековдордун агасы да иниси да кыз зордуктоо менен соттолгон, булар уйгурлар экен”

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-декабрда өткөн Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда  депутат Дастан Бекешев экономикалык жана кызматтык кылмыш иштери боюнча соттолгон жарандарды кепилдик алдында коё берүүнү сунуштады.

Маселени талкуулоо учурунда сөздү депутат Камчыбек Жолдошбаев алган.

“Бизде жомоктогудай нерселер болуп жатат. Ага-ини адамды зордуктагандыгы  үчүн отуруп чыгып, эми депутат болуп алышты. Балким сиз ушундай учурларды дагы кошуп коёсуз. Мындай кырдаалда кантебиз?” – деди ал.

“Документте мен зордуктоо жана адам өлтүрүү жөнүндө жазган жокмун. Бул жерде экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө гана жазылган” – деп жооп берди Дастан Бекешев.

Анда Камчыбек Жолдошбаев кайра сөз алды:

“Мындай нерселерди дагы жазуу керек да. Акчанын жардамы менен жөн дагы эмес, депутат болуп алышты. Уулун Жогорку соттун төрагасы Осмоновдун кызына үйлөнтүп койду. Эгерде кааласаңыз, мен фамилияны атай алам. Мына Салымбеков. Иманбай дагы… Салымбековдордун кичүүсү дагы, улуусу дагы соттолгон. Чынын айтканда, Аскар Салымбеков жөнүндө билбейм. Көрсө, 10 жылга кесилет турбайбы. Алар отуруп чыгышты жана соттук процесс кайрадан жүрүп жатат, алар улуту боюнча уйгурлар экен, мага бул жөнүндө каттар келип  жатат” – деп билдирди Жолдошбаев.

“Ошондуктан мындай учурлар эске алынышы керек. Эгерде адам өлтүрүүгө, зордуктоого же башка оор кылмышка тиешелүү болушса, аларга карата чара көрүлүшү керек. Алар биздин арабызда мыйзам чыгарып, депутат болуп жүрүшөт. Эгерде эртең дагы бироону зордуктап коюшса, аларды дагы коё беришеби?” – деп сурады Жолдошбаев.

“Сөз бул тууралуу болгон жок,” – деп кайталады Дастан Бекешев.

“Демек кошуу керек, болбосо мыйзам долбоору чийки болуп жатат” – деди Камчыбек Жолдошбаев.

Андан соң эл өкүлү Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго кайрылды.

“Мен министрдин орун басарына кайрылайын дедим эле, мындай учурларга кездешкенсизда, ошол тууралуу айтып бериңизчи? Негизинен кыргыздарда “изнасилованиеде” бир эле адам болот экен, ал эми уйгурларда 2-3 кете берет  экен. Сиз дагы ушундайга кабылдыңыз беле?” – деп кызыкты ал.

Жооп катары Курсан Асанов бул тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин, айтты.  “Муну биринчи жолу угуп жатам. Зордуктоо – оор кылмыш. Муну биз карайбыз, бирок бул иштин катышуучулары жөнүндө эч кандай маалыматым жок”  -деди.

“Сиз иштеп жатпайсызбы… Бул оор кылмыш экенин биз дагы билебиз. Мушташып кеткен жакшы андан көрө… Биз жеке сиздин оюңузду билгибиз келет.

“Мыйзам бардыгы үчүн бирдиктүү. Эгерде бул факт тастыкталса, ал ким болсо дагы мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылышы керек”, –  деди ИИМдин орун басары.

Жогорку Кеңештин комитетинин төрайымы Наталья Никитенко кесиптешине эскертүү кылды. “Мыйзам долбоорунун алкагында карманууңузду суранам. Улуттук көрсөткүч боюнча пикир бербөөңүздү өтүнөм. Адам укуктарын сыйлап, адамдын абройуна шек келтирүүчү курч учурларга тийиштүү пикир берүүдөн алыс болуңуз” – деди ал.

https://www.youtube.com/watch?v=CBlYdSF1r7Y&feature=youtu.be&fbclid=IwAR379E5H5qZBxCy3db3vQCejRvjs6gkYiTcPBEj8sv5sRhZVFU2dqas2YoQ

 Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: