Menu

Бакыт Төрөбаев: “Аткаминерлер эч кимден коркпой калышты”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү коррупция көйгөйүн көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, кээ бир мекемелердин жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилери аны бизнес үчүн аянтчага айлантып алышкан.

“Эмне үчүн президент коррупция менен күрөштү баштады? Коррупция туу чокусуна жетип, өлкөнүн коопсуздугуна жана кадыр баркына коркунуч туудуруп жатат деп ойлойм. Бирок өлкө башчынын коррупция менен күрөшүү жөнүндө тапшырмасын ким, кандай кабыл алды? Тилекке каршы, аткаминерлер азыр эч кимден коркпой калышты. Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, алар акчаны өз кызыкчылыгында алып жатышат. Системалык коррупция, паракорлук жана 10% үлүш дагы деле бүтпөгөндөй сезилет. Эл буга өтө нааразы.

Депутат транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин 50 миң доллар  пара менен кармалганын мисалга келтирди. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жалпысынан 520 миң доллар алмак.

“Эгерде министр өзүнүн орун басарынын ушундай иштерди кылып жатканын билбесе, демек ал өз тармагындагы кырдаалга ээлик кыла албайт. 520 миң доллар – 40 миллион доллар өлчөмдөгү насыянын 1,5%. Демек, Транспорт министрлигинин үлүшү 1,5% тзөт экенда? 2010-жылдан бери өлкөдө көптөгөн жолдор курулду: “Түндүк-Түштүк”, “Бишкек-Нарын-Торугарт”, “Ош-Баткен-Исфана”, “Бишкек-Кара-Балта”, “Маданият-Жалал-Абад”, “Балыкчы-Корумду”, “Бишкек-Балыкчы” жана “Талас-Тараз”. Алардын жалпы суммасы 1 миллиард 200 миллион долларды түзөт. Эгерде үлүш 1,5% түзсө, бул 19 миллион доллар, сомго которгондо 1миллиард 360 миллион сом болот. Ошол акчанын баары аткаминерлердин чөнтөгүнө түшүп турчу беле? – деп суроо берди Бакыт Төрөбаев.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматындагы аткарылчу эң башкы милдеттердин бири катары коррупция менен күрөшүүнү эсептейт.

2018-жылы Дүйнөлүк экономикалык форум Кыргызстанды дүйнөнүн эң коррупцияланган 30 мамлекетинин катарына киргизди. Ага ылайык, коррупциянын деңгээли боюнча биздин өлкө Оруся, Парагвай, Мексика, Лаос, Доминика Республикасы жана Гондурас менен бир катарда турат.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: