Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарылыкка ылайык, Токтогулов Кадыр Мирбекович Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин кызматынан бошотулду. Бул тууралуу презитенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Мамлекеттик кызматка дайындалганга чейин Кадыр Токтогулов эл аралык Associated Press маалымат агенттигинин Бишкектеги жана Wall Street Journal агенттигинин Алматыдагы кабарчысы болуп иштеген.
Ага чейин, бир жыл өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы болгон.
Токтогулов президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматынын башчысы болуп 2011-жылдан бери иштеп келген.
Эске салсак, Кадыр Токтогулов АКШдагы элчи кызматына ыйгарым укуктары 2014-жылдын ноябрында аяктаган Мухтар Жумалиевдин ордуна барган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ