Menu

Чек арачылар мамлекеттик тилде иштөөгө толук өттү

Бөлүшүү:

Мамлекеттин коопсуздугу чек арадан башталат. Ал эми чек арачынын кесиби татаал жана жооптуу. “Чептен эрдин күчү бек” демекчи, чек арачы болуу мекенге чексиз берилгендикти жана чыныгы кесипкөйлүктү, кыраакылыкты жана эрдикти талап кылган ардактуу жана абройлуу кызмат.

Чек ара – адамдын мүнөзүн жана эркин сыноодон өткөрүүчү аймак. Сиздердин кызматка ар дайым кесипкөйлүк талаптары гана эмес, руханий жана адеп-ахлактык жогорку талаптар дагы коюлуп келген. Учурда кесиптик даярдык, мекенчилдик, кайраттуулук жана өз милдетине берилгендик Кыргызстандын чек ара кызматын калыптандыруунун негизин түзөт.

Кыргызстан чек арачылары жайды жайлай, кышты кыштай, күн-түн дебей алыскы чек арада кызмат өтөшүп, ыйык кызматын ар-намыстуулук менен аткарышууда. Терроризм, контрабанда, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү менен күрөшүүдө кандай эрдик көрсөтүп жатса, мамлекеттик тил багытындагы мамлекетгик саясатты ишке ашырууда, мамлекеттик тил жаатындагы мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды аткарууда дагы алдыңкы орунда болуп, бүгүнкү күндө мамлекеттик тилге өткөн жападан жалгыз мекеме! Биз муну баса белгилеп коюубуз керек. Бүгүнкү күндө мамлекетгик тилде иш жүргүзүү, буйруктарды мамлекетгик тилде берүү – чек ара кызматынын ишинин эң башкы багыттарынын бири болуп калды. Мына ушул ишти натыйжалуу жана ак ниеттүүлүк менен аткаруу башка мекеме-уюмдарга, министрликтерге үлгү болуп, мындан ары карай өр алышына жакшы өбөлгө болууга тийиш.

“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дегендей мамлекетгик чек арада кызмат өтөгөндөрдүн катарында өмүрү кылдын учунда турса да милдетин так аткарып, ар-намысты бийик туткан, абийири таза, жүрөгү элим-жерим деп соккон чыныгы азаматтар көп. Мына ушул чек арачылардын кесиптик майрамына арналган салтанатга КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия-нын төрагасы Н.Ишекеев: “Чек арачы деген кесипти ыйык тутуп, парзын ар-намыстуулук менен аткарып жатышкан бардык мекенчил азаматтарга бекем ден соолук, бакубатчылык, зор бакыт, албан ийгиликтерди каалайм. Кыргызстан эли сиздер менен сыймыктанат!” – деген жалындуу куттуктоосун жолдоп, бир катар алдыңкы кызматкерлерине Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: