Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Туйгунаалы Абдраимовдун дайындалганы коомчулукка жылуу кабылданды. Бүгүнкү күндөгү кадыры кеткен кадр саясаты «жарк» дей түштү. Саясый элитадан карапайым калкка чейин бир ооздон үн катышып, маселе өзөгүн чече ала турган, тажрыйбалуу, мамлекетчил инсандын келгенин жакташууда. Эске салсак, Абдраимов бир топ жылдар бою башкы врач, депутат, министр, элчи жана БШКны эки ирет жетектеген. Эл үчүн кызмат кылганын, жүзү жарык экенин турмуш өзү тастыктоодо. А эмне үчүн Чүй облусуна губернатор болду? Себеби, күзгө карай ар кандай күчтөр жергиликтүү калкты козутуп, түркүн түстүү провокацияларды ойлоп табышып, чыр-чатак баштап жибериши мүмкүн эле. (Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлгө болгон сапарында түндүк-түштүккө бөлгөндөрдү аёосуз жазалай турганын бекер айтты дейсиңерби? Кандайдыр бир козутуу күчтөрдүн мизин кайтаруу үчүн алдын ала коңгуроо какты да). Дал ушундай шартта элди туура жолго баштаган, президентке тирек боло турган салмактуу саясатчы керек эле да, туурабы? Эми Туйгун байке турганда, Соке досуна таянуу менен коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүп, үлкөн чиновниктер менен айбаттуу экстерди камаганга духу жетсе керек…
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ