Menu

Мамлекеттик социалдык тапшырык алкагында 1000 бала бала бакчага барат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жана мектепке чейинки даярдыктан өткөрүүнүн ар кыл формалары ишке киргизилүүдө. Учурда 3-7 жашка чейинки балдардын 40,9%ы мектепке чейинки билим берүү менен камтылган. Об этом сообщает пресс-служба правительства КР.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында Мамлекеттик социалдык тапшырык программасы иштелип чыккан жана ал калктын социалдык жактан аяр катмарына жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган.

Аталган Программаны ишке ашыруу Бишкек шаарында пилоттук долбоор катарында киргизилет. Программа аркылуу республикалык жана муниципалдык бюджеттин каражатынан 50% төлөм каралып, 1000 баланын жеке балдар бакчасына баруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Төлөмдүн калган 50% бөлүгүн ата-энелер төлөшөт.

Программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөн жана учурда аталган программага катышууга мүмкүндүгү бар жеке балдар бакчасын тандоо процедурасы ишке берилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: