Menu

Камил Умаров, “Коррупцияга каршы коомдук көзөмөл” бирикмесинин жетекчиси: “Зурдиновдун кызматтык былыктары үйүлүп турса да, эч ким үн катпады”

Бөлүшүү:

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын мурунку ректору Аширали Зурдиновдун 2009-жылдан 2016-жылга чейин мыйзамсыз ректор болуп келгени, кызматтан кеткенден кийин да азыркыга чейин ага байланыштуу чубактын кунундай чубалган чырдын чын-төгүнүн билүү максатында  “Коррупцияга каршы коомдук көзөмөл” бирикмесинин жетекчиси Умаров Камил мырза менен кенен маектештик.

– Медициналык академиянын ректору алмашты. Мурунку ректор Зурдинов жана анын айланасындагы адамдарга байланыштуу чыр-чатактар эмнеден башталган?

– Медакадемиянын ректоратындагы чыр-чатак менен мен 3 жылдан ашык дыкат иштеп келдим. Элге туура маалымат бериш үчүн төмөндөгүлөрдү айтып кетейин. 2012-жылы 12-мартта Зурдинов мырза ректор болуп шайланган. Чудиновдун 102-буйругу менен (ошол кездеги премьер-министр) ректор кылган. Анын буйругу эч кандай мыйзамга жооп бербейт. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын карай турган болсок, бардык окуу жайларда ректорду коллектив шайлачу. Медакадемияда ага чейин 5 жолу ошондой шайлоо болгон. КРнын өкмөтүнүн “мындан ары жогорку окуу жайынын жетекчилери өкмөт аркылуу бекилсе болот” деп жазылган №148 токтому чыккан. “Бул мыйзам качан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет” деп жазылган. Так ошол №148-токтом 13-мартта 2009-жылы чыккан. Зурдинов ошол эле жылдын 12-мартында шайланды да. Демек, Зурдинов мырза токтом чыга электе эле шайланып жатпайбы. Бул эч бир мыйзамга жооп бербейт. Токтом чыккандан кийин агартуу министри эки айдын ичинде шайлай турган жетекчилер эмгек келишимин түзүш үчүн келишим даярдашы керек болчу. Андан кийин коллективдин көргөзмөсү, министерствонун көргөзмөсү менен жетекчи шайланмак. Зурдинов документин өткөрбөстөн, чечими жок эле ректорлук кызматты тартып алган. Азыркы ректор Кудайбергенова ал кезде ректордун убактылуу милдетин аткарып, 2008-жылы 22-октябрда шайланган. Кудайбергенова “эми алты айдан кийин ректорлукка шайлоо болот” деп отурган кезде, Зурдинов келе калып мыйзамсыз түрдө атасынын тактысына мураскор катары келген киши сыяктуу Медициналык академиянын ректорлук креслосуна отуруп алган. Кудайбергенованы сыртынан жакшы билем. Өзү түзүк иштеп аткан. Ал  ректордун милдетин убактылуу аткаруучунун кызматынан кеткендиги тууралуу да токтом алиги күнгө чейин чыга элек, ошол бойдон калды. Бул кандай? Чудинов өзү кандай инсан? Эмне үчүн Кыргызстандын Премьер-министри болуп туруп мыйзамды бузууга барган? Же анын башы экөөбү? Чудиновду кийин Антикоррупциялык башкармалык Генпрокуратура менен бирге  чакырып суракка алганбыз. Чудинов ошондо бизге, “Мен Зурдиновду чынын айтсам таптакыр билбейт экемин. Кол койгонумду да билбейм”, – деп жооп бергени баарыбызды таӊкалтырган. Өзү деле ойлонбойбу. Зурдиновго окшогон бизде жүздөгөн профессорлор бар. Зурдиновду шайлаганы көчөдөн алып келип шайлаганга барабар болду. Экинчиден, Зурдинов кызматка келээри менен, өзүнүн өкүл балдарын, жакын кыздарын-балдарын кызматка ала баштады. Бул да коррупциянын бир түрү. Декандардын баарын теӊубактылуу милдетин аткаруучу кылып койду. Азыркы күнгө чейин алар толук кандуу бекий элек. Эмгек кодексиндеги 378-беренеде “Декандар, проректорлор шайлоо менен шайланышы керек”, – деп жазылган. Бирок аларды жарым жыл, бир жыл милдетин аткаруучу кылсын, бирок 7 жыл кантип милдетин аткаруучу кылат? Зурдиновдун мыйзамдын сыйлабагандыгы, өзүмчүл кишинин методдорун колдонгон. Бир эле жылда 70 кишини кызматтан кууган. Таза, кыйын кишилерди кетирип, билбеген адамдарды тегерегине чогултуп алды. Кызматтан кетиргендердин бири Айдаров Зиябидин болгон. Айдаров мыкты профессор. 3 жылда медицина илимдеринин доктору болду. Өзүнүн акылы бар экенин көргөздү. 2010-жылы чоӊилим чогулушунда Айдаров Зурдиновдун 109 кыргыз баланы окууга өткөрбөй, алардын ордуна чет элдик студенттерди алганын жана башка мыйзамсыз иштерин айтып чыккан. “Эмне үчүн кыргыздын балдарын албай, чет элдиктерди алыш керек?”,- деген маселени туурасынан көтөргөн. Бул жерде бештен белгилүү болуп турбайбы. Зурдинов “чет элдик студенттерден акча көп түшөт” деген планда кыргыздын балдарын өткөрбөй, чет элдик студенттерди окуу жайга өткөргөн да. Ошондон баштап Зурдинов Айдаровго жабышып, кылдан кыйкым издей баштайт. Эч нерсе таппай айласы кетип “Айдаров студенттерге зачет койгондугу үчүн акча алат” деп чыгат. Зиябидин Айдаров принципке туруп сотко берди. Бардык соттордон утуп чыкты. Эгер студенттерден акча алганы чын болсо, бир факт чыкмак да. Айдаров ошол чогулушта айтып чыкпаганда, Зурдиновдун былыктары дагы деле катылып жатмак беле ким билет?

– Ошону менен катар Медакадемияда билим берүү сапаты да түшүп кеткени, экзамендер акчага гана бүтүп калганы айтылчу, ошолор чынбы?

–  Бүгүнкү күндө Медакадемиянын студенттеринде билим жок деп айтса болот. 2013-жылы Билим берүү министрлиги атайын комиссия түзгөн. Доктурларды даярдаган жогорку окуу жайлардын студенттеринин билим деӊгээлин текшергенде биринчи орунду Кант шаарындагы медициналык окуу жайы алды. Экинчи орунду КЭУ алды. Медакадемия 4-орунду алды. Ушундан улам “КММАда билим жок” деген корутундуга келишкен. Акча менен эле сабактарын бүтүрүп жатканы билинип жатпайбы.

Мурунку Садыков Канат деген билим берүү министри менен Зурдинов жакшы алкада болгон. Гранттык комиссия деп коёт, алар сүйлөшүп алып 50-60 абитуриенттин  тизмесин берет экен. Ал тизмеде этникалык кыргыздар, алыстан келген студенттер деп кабыл алып турушкан. Бул да коррупциянын чоӊжолу. Зурдиновдун карындашынын (Зурдинова Айым) ЖРТти 102 балл болсо да контрактык бөлүмгө алып, бир айдан кийин бюджетке өткөрөт. Бул кылмыштардын баарына тийиштүү органдардын бири да, Генпрокуратура баш болуп унчукпайт. Зурдинов ректор болуп келип премьер-министр, министрлер, башпрокурор менен абдан жакшы мамиле түзгөн. Ошондуктан, алардын бир да үн катчу  эмес. Канча жолу кылмыш иши ачылбасын, үн катышпайт. Пакистан менен  Индиянын жарандарына дипломдорду саткан, ага кылмыш иши козголгону менен жыйынтыктан дайын жок. Сот да прокурор да принциптерин жоготуп коюшту. Сатыбалдиев премьер-министр болуп шайланган убакта Жантөрө мырзага бир эмес, бир нече жолу Зурдиновдун кылмыш фактыларын жазып, карап койгула дедик. Бирок, жоопко тартпайт. Президенттин аппарат жетекчи Фарид Ниязовго жаздык. Эч бири чара көрүшкөн жок. Биздин өкмөттү коргоп, мамлекеттин намысын көтөрөм деген адамдар эмес булар.

– Азыркы ректор туурасында деле ар кандай пикирлер айтылууда. Өлүк сатуу бизнесине аралашкандыгы, Медакадемиянын аймагындагы кафеси тууралуу фактылар ММКга чыкпадыбы?..

– Менде факты бар. Проректор – болгону окуу процессине гана жооп берет. Ал убакта Акылбеков ректор болчу. Өлүктөрдү проректор карабайт. Бул жөн гана жабышып жаткан сөз. Эгерде ошондой болсо, ал убакта эмнеге үн катышпайт? Зурдинов менен иштеп атканда баарын алып чыгып бетине койдук. Ал маалыматты мен да гезиттен окугам. Кудайбергенованын дүкөнү бар, кафеси бар деп чыгышты. Ошол убакта алардын оозун бирөө жаптыбы? Ага атайын шаардын мэринин же Өкмөттөн атайын чечим болуш керек. Бул жөн гана ушак сөздөр.

(Уландысы бар)

Кызжибек Касымалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: