Бул тууралуу 13-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кечки саат 19.00дө борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын күйгүзүү салтанаты болуп өтөт. Чүйдүн Панфилов көчөсү менен кесилишкен жеринен Эркиндик гүлзарбагына чейинки аралык автооунаалар үчүн 17.00дөн баштап иш-чара бүткөнгө чейин тосулат.
Мэрия ыңгайсыздык түзгөнүнө кечирим сурап, айдоочуларды алдын ала маршрут түзүп алууга чакырат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ