Menu

Эми экосалык дегенди ойлоп табыштыбы?

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асылбек Кадралиев башкалаа мэриясы же Мамэкотехинспекциясына экосалык жөнүндө мыйзамды демилге кылды.

Анын айтымында, талапка жооп бергендей күйүүчү майларды, отунду текшерип туруу керек экен.

“Дизелди айтсам – биздин автобустар бизди булгаган жок деп айта албайм. Ушундай каңырсык чубалат десеңер, дем алганды кой, киши көрүнбөй калып жатат”, – деди Кадралиев.

Анын эсебинде, күйүүчү майга, автоунааларга стандарт киргизүү зарыл. “Ошондой кадамдарга бара баштасак, ал өз жемишин 10 жылдан кийин бере баштайт. Мага жеткен маалымат боюнча, канчасы чындык экенин билбейм, Бишкек ЖЭБиндеги чыпка түтүктөр кечигип алмашылып турат экен. Муну текшериш керек да”, -деди ал.

Депутаттын оюнча, мыйзам менен гана чара көрүү зарыл. Фракциялардын сунуштарынын бири – экологиялык комиссар кызматын бекитип, ал экологиялык маселелерди көзөмөлдөп турушу керек.

Сөзсүз эле комиссар уюштуруп, атайын уюм арнап, дагы бүджеттен акча бөлүү зарылбы десең? Же бизди экологияны караган тармактарыбыз жокпу?

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: