Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында диаметри 10 метрди түзгөн тегерек шырдак жасалды. Аны элеттик аялдардан турган «Чебер колдор» коомдук бирикмесинин уздары жасаган. Бул дүйнөдө жасалган шырдактардын эң чоңу болуп калышы мүмкүн. «Кийизди даярдоого убакыт аз болгондуктан сатып алууга туура келди. Шырдакты алты бөлүп шырып, акырында кураштырдык. Жасалып бүткөндөн кийин салмагы 300 килограммды түздү. Алты эркек киши араң көтөрүп унаага жүктөштү. Ташууга ыңгайлуу болушу үчүн майда бөлүктөргө бөлүп коёлу десек буюртма берген ишкер бир жерден жылбай турарын айтып, бүтүн бойдон калтырууну суранды», — деди Аманова. Белгилей кетсек, Нарындын Ат-Башы районунда 28-29 июнда салтка айланып калган кыргыз шырдагынын VII фестивалы өттү.
Булак: “Де Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ