“Ал аябай эмгекчил, балдарды сүйгөн, чоң үй-бүлөнү кыялданган жана эч качан кыйынчылыктардан коркпогон адам! Көп балалуу жана кош бойлуу болгонуна карабастан, пандемия учурунда ыктыярчы болгонун угуп таң калдым. Алардын үй-бүлөсү үчүн оор мезгил болду, жетинчи баласы боюнча бар кезде ижарага алган батирин алмаштырып жатышкан. Кызы оюнчуктарды чогултуп, ойноп жатканда, футболкасы түрүлүп кеткен. Апасы ошол маалда кызынын бел жагынан көк аланы көргөн. Кызынан эмне болуп көгөрдү деп сураганда, атасы урганын айткан” – дейт Дина Смаилова.
Бул иш сотко өтүп, атасы айып пул менен жазаланган, бирок аны аялы төлөп берген.
Жубайлар ажырашып кетишкен, бирок эркек кишинин “балдарды эч качан урбайм” деген убадасына аялы ишенип, кайрадан жарашышкан.
Ал эми 5-ноябрда түнү #НеМолчиKZ ишеним телефонуна бир аял мас абалындагы күйөөсүн 4 жашар кызын зордуктоого аракет кылып жаткан жеринен кармап алганын айтып билдирүү жөнөткөн.
Смаилова учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын, шектүү тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.
“Ошол күнү ал мас абалда келип, 4 жашар кызын уктоочу бөлмөгө алып барып, баласына уктап калганын айтып, бөлмөгө кирүүгө тыюу салган. Апасы эмчектеги баласы менен алек болуп жатканда, атасы уктоочу бөлмөдөгү 4 жаштагы кызына сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасоого аракет кылган. Уулу келип, апасына атасы карындашын ээрчитип кеткенин, уктоочу бөлмөгө кирүүгө тыюу салганын айткан. Апасы уктоочу бөлмөгө кирип барып жарыкты күйгүзгөн…” – деп жазат коомдук активист.
Азыр тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ