Кечээ, 3-июлда “Улутуңду унутпа” аттуу кыймылдын мүчөлөрү кыргыз бийлигинин паспортто улутту көрсөтүп жазуу графасын алып салган чечимине каршы КР Конституциялык палатасына арыз беришти.
Кыймылдын мүчөлөрү бийликтин бул чечими КР Конституциясына каршы келет, ошондуктан жокко чыгарылыш керек, жок дегенде ким паспортто өз улутун сыймыктануу менен жазып алгысы келсе ал укугу аткарылыш керек деп талап кылышууда.
Видео: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ