Menu

Египеттин мурдагы президенти Мохаммед Мурси сот залында каза болду

Бөлүшүү:

Египеттин экс-президенти жана «Мусулман агайындары» ислам уюмунун мурдагы лидери Мохаммед Мурси анын тыңчылыкка тиешеси бар экендиги тууралуу кылмыш иши боюнча өтүп жаткан сот отуруму маалында каза болду. Бул тууралуу Би-Би-Си египет телеканалдарына шилтеме кылып билдирди.

Болжолдуу маалыматтар боюнча анын өлүмүнө инфаркт оорусу себеп болгон.

2015-жылы апрелде Мурси президент болуп турган кезде демонстранттарды камоого жана кыйноого буйрук берген деп табылып, 20 жылга соттолгон. Анда ага карата палестиналыктардын радикал «ХАМАС» тобу жана ливандык «Хезболла» уюму менен байланышта болгон деген да айып тагылган.

Мохаммед Мурси 2012-жылы Египеттин тарыхындагы алгачкы демократиялык жана атаандаштык шартта өткөн президенттик шайлооодо жеңишке жеткен. Өлкөнүн ага чейинки президенти Хосни Мубарак «араб жазы» окуяларынан кийин бийликтен кеткен. 2013-жылы Мурси Египеттин Куралдуу күчтөрүнүн генералдары тарабынан бийликтен четтетилген. Анда өлкө жетекчилигине Абдул-Фаттах ас-Сиси келип, «Мусулман агайындарын» террордук уюм деп жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: