Menu

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков чет өлкөдө эмгектенген мекендештер менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн 5-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков чет өлкөдө иштеген мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлды.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков эмгек мигранттары Кыргызстандын өнүгүшүнө, айрыкча өлкө экономикасын көтөрүүгө өзгөчө салым кошуп жатканын белгиледи.

“Көптөгөн мекендештерибиз узак убакыттан бери чет өлкөдө иштеп, тапкан акчасын үй-бүлөсүнө жөнөтүп жатат. Алардын кандай кыйынчылыкка туш келип жатканын билебиз. Парламентте да эмгек мигранттарына тиешелүү маселелер байма-бай көтөрүлүп турат. Жакында эле Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуп, мигранттардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди жана аларга кандай жеңилдиктер зарыл экенин талкууладык. Бирок, эмгек мигранттары да өзү иштеген өлкөнүн мыйзамдарын жакшы билиши зарыл”,-деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Өз кезегинде “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов эмгек мигранттарынын өкүлдөрүн кабыл алып, алардын ой-пикирлерин укканы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирди.

“Мигранттардын көйгөйлөрүнө көп көңүл бурула баштаганы кубандырат. Анткени чет өлкөдө жашаган мекендештерибиз Кыргызстан үчүн көп иштерди жасап келет. Мекенинен алыс жашаганына карабай, өлкөсү тууралуу көп ойлонушат”, – деп кошумчалады Жеңиш Молдокматов.

Жолугушуунун соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков Россия Федерациясында иштеген эмгек мигранттарына көрсөткөн колдоосу жана алардын кызыкчылыгын коргоодогу жигердүү ишмердүүлүгү үчүн Толкунбай Акматов менен Акбар Маразыковго ыраазычылык катын тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: