Menu

Тайвань Азияда биринчи болуп бир жыныстуу никени мыйзамдаштырды

Бөлүшүү:

Тайвань депутаттары бир жыныстуу никени легалдаштырган мыйзам долбоорун колдошту. Бул мындай документти кабыл алган Азиядагы биринчи өлкө. Мыйзам долбоору 24-майдан тарта күчүнө кирет.

Тайвань Конституциялык соту 2017-жылы майда өлкөдө бир жыныстуу никеге тыюу салууну мыйзамсыз деп таанып, бийликке эки жыл ичинде мыйзамдарды өзгөртүүнү тапшырган.

“2019-жылы 17-майда Тайванда сүйүү жеңди. Биз тең укуктуулук багытында чоң кадам таштадык жана Тайванды эң мыкты өлкө кыла алдык”, –деди өлкө президенти Цай Инвэнь.

2018-жылы Индиянын Жогорку соту бир жыныстуу катнаш үчүн кылмыш жоопкерчилигин жокко чыгарган. Бул мыйзам колониялык мезгилден бери өкүм сүрүп келген. Индияда гомосексуалдык секс үчүн он жылга чейин түрмөгө камоо каралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: