Menu

Генерал Абдыкаровдун кадрларына күнү түшкөн Жунушалиев кетсин!

Бөлүшүү:

Мелис Турганбаевдин сүймөнчүк кадры Бакыт Сеитов ортого түшүп, «Кашкар Астаканович боюнча сындаганыңарды токтотпойсуңарбы? Сүйлөшүү жолу менен келишимге келели да…» дегенинен макул болгонбуз. Тилекке каршы, министр Жунушалиевдин соңку буйруктарын көрүп, чалкабыздан кете жаздадык.

Биринчиден, Акылбек Мамасеитовду ГУУРдун орун басарлыгына жана ГУБОПтун начальнигине дайындады. Бул деген акмакчылык го? Бир жыл мурда эле Жунушалиев Жалал-Абад ОИИБсинен ишине жасаган кыянатчылыгы, ж.б. себептери боюнча өзү албады беле? Экинчиден, чырактай кыз Бурулайдын өлүмү боюнча Чүй ОИИБсинин орун басарлыгынан Марлис Асанов кызматындагы шалаакылыгы үчүн айдалган. Бул эргулду да жогорку жетекчилик ГУУРга өзгөчө кылмыш иштеринин алкагында улук опер кылып дайындады. Демек, «сыйынан чыры көп» генерал Данияр Абдыкаровдун кадрларын урматтап, «майлуу кызматтарга» апкелип атканы ушулбу? Ансыз да милиция кызматкерлеринин айлыктары жетишпей ыйлап атышса, кечээги «зулумдар» кайра келишсе, анда кандай баа беребиз? Буга чейин Абдыкаров генерал Исраиловду, Турганбаевди, Өмүрзаковду шыбап жүргөнүн кантебиз? Дагы бир генералыбыз Асанов дал ошол Мамасеитовдун мыйзамсыз иштерин коллегияда айтса да көңүл бурбай койду го? «Элден сүрүлгөн» эргулдун кардрлары кайрадан ИИМди мыкчый беришсе, эртең өздүк курам иш таштоого кетишсечи? Эй, жолдош министр, мындай кадрлык катачылыктарыңыз үчүн тезинен кызматтан кетиңиз? Буга чейинки кемчиликтериңиз да тоодой болуп кетти… Кетпесеңиз, ал жагын санап келгенбиз, дагы тизмектейбиз…

Жөн жерден бутуңузга «каблук» кийбейт экенсизда, аа?..

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: