Menu

Азимбек Бекназаров: “Атамбаевди эч ким ээрчибейт, аныкы жеке кызыкчылык, ээрчибегенин көрүп атасыңар”

Бөлүшүү:

— Азимбек Анаркулович, сиз баштаган мекенчил күч бир эмес, эки жолу Курултай өткөрдүңүздөр. Биринчи Курултайда экс-президент жана аракеттеги президенттин ишине баа бергендей болгонсуздар. Андан кийин эски эки санаалашыңыз менен жолуга алдыңызбы?

— Ошол Курултайдан кийин бир эмес 5–6 жолу азыркы президент менен жолуктум. 17-мартта Аксыга дагы бирге бардык. Жолукканыбызда бир гана Курултайдын чечимдери боюнча сөз болду. «Конституциялык реформа кылабызбы же кылбайбызбы? Президент, Жогорку Кеңеш элге отчёт бербей, өз билгенин кылып жүрө береби? Саясий куугунтук токтойбу? Өзүбүздүн улуттук жолубузду табабызбы же чет өлкөлүк инвестор келсе эле байлыгыбызды берип, аларга башкартып, элибиз тентип жүрө береби?» деген маселени койдум. Президент “Сөзсүз Конституциялык реформа керек. Мен силерди колдойм. Ошого барам, бирок азыр эмес. Силерден башка саясий күчтөр менен сүйлөшүп кеңешейин…” деди. Экинчи Курултай өткөрөрдө, ал киши Кытайга бара жаткандын алдында жолуктук. “Курултайыңарга ийгилик каалайм. Мен Кытайга кетип жатам, аппараттан адамдар барат. Мекенчил күчтөрдү менин жападан-жалгыз оппозициям деп эсептейм. Силерден башка бир дагы саясий партия же саясий күч улуттун, мамлекеттин келечеги деп идея, сунуш менен мага келген жок. Жалаң жеке кызыкчылык менен маселе коюп келатышат ” деген. Алмаз досума биринчи Курултайда катуу баа берип койдук. Ошондон соң ал бизге таарынды. Атайын мени соктурду деп жүрөт. Экөөбүз жолуккан жокпуз. Ортодогу шамдагайлар экөөбүздү жолуктуруп коёлу, Орозонун учурунда бириктирели дегендер бүгүнкү күнгө чейин үзүлө элек, чуркап жүрүшөт.

— Рамазан айы кечиримдүүлүккө чакырат эмеспи. Досуңуз менен өткөн-кеткенди унутуп, элдештиребиз дегендер чыгып жатса, элдешкенге неге болбосун?

— Мен тескерисинче айтат элем. Мен, Атамбаев, Жээнбеков пайгамбар жашына келип калдык. Орозонун башында туруп, экс-президент менен азыркы президентке экөөңөр эрегишпей, Орозонун ичинде тил табышып алгыла, кыргыз улутунун кызыкчылыгы үчүн деп айткым келет. Экөөнүн саясий тирешинен саясат дагы майдаланып баратат. Болор-болбос нерсени ызы-чуу кылып жиберишүүдө. Мисалы, Матраимовдун деңгээлинде ызы-чуу кылышты. Матраимов деле кыргыздын баласы. Чоң саясатчы эмес да. Аны жөн эле мамлекеттик деңгээлге көтөрүп, “монстр” кылып дүңгүрөтүп жиберишти. Президенттер төмөн түшпөсө, андан көрө улуттун эртеңкисин, келечегин карап, кен-байлыктарыбызды өзүбүз иштетсек, элди ойлосок деп экөө жарашып алса дегенди айтып жатам. Жеке кызыкчылык менен тиреше берсе, мамлекетке, коомго зыянын тийгизип жатканын көрүп жатам. Мен дагы саясатчымын да, ушул убакка чейин кимдир бирөөгө катуу сөз айтып койсом, Рамазан айында баарынан кечирим сурайм. Өзүм дагы кимдир бирөөгө таарынып жүргөн болсом, аларды дагы кечирем. Бирок, бул Атамбаев экөөбүздү элдешип алды деген сөз эмес. Атамбаев экөөбүз душман болгон эмеспиз. Саясий көз карашта бири-бирибизди сындап жүрөбүз. Адам катарында бири-бирибизге ат мингизип, дос болуп жүргөнбүз. Атамбаев экөөбүз эртели-кеч тил табышабыз деген ойдомун. Ал эми азыркы президент менен болгон мамиле жакшырып баратат. Ал “Кемчилигимди түз айтып турганыңарга ыраазымын” деп айтып жатат. Экөөбүздүн ортобузда таарыныч жок.

— Аракеттеги президент менен мамилеңиз жакшы болсо, аны менен 5–6 жолу жолуксаңыз, бийлик менен иштешип жаткан жоксуңарбы?

— Биринчи эле Курултайда Конституциялык реформага бара турган болсо, биз Жээнбековду колдойбуз деп айткам. Мен бутумду Жээнбеков тарапка тартып алам дегем. Азыр да мекенчил күчтөрдүн баардыгы Жээнбековду колдойбуз деп жатабыз. Экинчи Курултайда дагы президенттин ар тараптуу коррупция менен күрөш жүргүзүп жатканын колдойбуз деп айттык. Чечим кабыл алынганда дагы бир гана добуш каршы болуп, калган Курултайдын катышуучулары колдойбуз деген добуш беришти. Биз азыр аракеттеги президент тараптабыз. Бирок, күзгө чейин Конституциялык Кеңешме түз дедик. Түзбөй турган болсо, күзүндө Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Башкы прокурор “Кетсин!” деген бир эле маселе менен чыгабыз.

— Неге үчөөнү гана?

— Себеби, президент азыркы Конституция боюнча Конституциялык Кеңешме түзө албайт. Аны Жогорку Кеңеш түзөт. Саясий куугунтук боюнча башкы прокуратура жаңы жагдайлар боюнча ишти карап, соттун алдына алып барат. “Кумтөр”, “Жерүй”, уран жана башка кен-байлык маселелерин Өкмөт көтөрүп алып чыгып, келишимдерди үзүшү керек. Биз даректүү талап коёбуз.

— Сооронбай Жээнбеков менен мурун эле тааныш эмессизби. Президент болгондон кийин өзгөрүптүрбү?

— Сооронбай Жээнбековду бүгүн эле билген киши эмесмин да. 1995-жылдан бери билем. Парламентте 3 жолу депутат болуп бирге олтурган кишилербиз. 2006-жылы тарыхый Конституцияга экөөбүз кол койгонбуз. Мен ага баарын түз айтам. Башкача айтсам түшүнбөй калат. “Бекназаров кошомат кылып атабы же өзгөрүлүп кеткенби” дейт. Ал мага “Азике, 23 жыл мурун кандай көрсөм, азыр деле ошондой экенсиз” деп айтат. Мен да ага “Мурун кандай көрсөм, азыр дагы так эле ошондой экенсиң” дейм. Бул кишилер аткаруучу болуп келгендер. Азыр ага “Сен мамлекет башчысы болдуң, аткаруучулуктан түзүүчүлүккө өт, жаратуучу бол!” деп айтам. Бул киши мурунку президенттерге караганда элге жакын, жөнөкөй. Муну эл деле көрүп жатат. Оппозицияга кол сунуп, бир нерсени чогуу жасайлы деп аракет кылып жаткан ушул президент болууда. Экөөбүз өлкөнүн келечеги тууралуу гана сөз кылдык. Ага мурунку президенттердин түзүп кеткен саясий системасын өзгөртсөң тарыхта каласың. Ошолордун ишин улантсаң Атамбаевдин кейпин кийесиң дедим. Президенттин өзүнүн ою, максаты болгону менен, бүгүн анда өзүнүн командасы жок. Атамбаевдин парламенти, өкмөтү, ошонун бийлик бутактары менен олтурат. Ырас, Атамбаевдин командасы болуп президенттикке келгенден кийин, ошол команда менен кетиши керек эле. Бирок, экөө эки башка болуп алышты. Демек, өзүнүн командасын түзүү керек. Эки жылың кетти, 2020-жылдан кийин кетем деп олтуруп каласың, эч кандай реформага барбай, Атамбаевдей болуп каласың. Үй-бүлөлүк, кландык башкаруу сакталып кала берет. Эч нерсени өзгөртө албаган президент болосуң деп айттым. Дүйнө жүзүндөгү кол башчылар тарыхта өлкөсүнүн жерин көбөйтүп, элинин санын өстүргөнү менен калат. Биздин 4 президентибизде андай жок. Кен-байлыктарыбызды чет-өлкөлүктөргө берет, чек арабызды коңшулаш өлкөлөрдүн баары алды. Баарын бергенден башка иш кылбады.

— Сиз күзүндө “Кетсин!” деген талапты коёбуз деп жатасыз. Азыр аракеттеги президентти колдоп жатсаңар, күзүндө экс-президент дагы “Кетсин!” деп чыкса, ошол тарапка ооп кетпейсиңерби?

— Биз азыркы президентти “Кетсин!” деп чыкпайбыз. Анын ишине күзүндө баа беребиз. Экс-президентке кошулуп кетпейбиз. Аныкы жеке кызыкчылык. Аны эч ким ээрчибейт. Ээрчибегенин көрүп атасыңар. Ошон үчүн өзүнүн деңгээлин Матраимовго чейин түшүрүп, маалымат каражаттары менен аны каралаганга аракет кылып жатат. Бул экс-президенттин деңгээли эмес. Атамбаевде “Кулматовду, Сапарды чыгарып бер” деген таарыныч. Биз мамлекет, улут үчүн күрөшүп жатабыз. Эл улут, мамлекет үчүн күрөшкөндү ээрчийт. Акчаны, таарынычты эл ээрчиген болсо, Атамбаевди ээрчип, дуулдап кетет эле да.

— Атамбаевдин учурунда маселени шопур чечип калган болчу. Азыр Матраимовду ошондой абалга жеткирип, коркунуч жаратчу фигура катары көрсөтүп жаткан жокпу?

— Шопур кандай маселе болбосун ачык чечкен. Матраимовдун маселе чечип жатканын билбейм. Ал азыр кызматта жок. Атамбаев кетерде кызматтан бошотуп кеткен. Шопур президенттин аппарат жетекчисинин орун басары, кеңешчи болуп кызматта жүрүп, маселени чечип калган. Иши жок жүргөн адамды эле экс-президент тепкилеп, “Баарын ушул кылып жатат” дегени осолдук. Ал мамлекетти, өзүнүн командасын шылдыңдап жатат. Анткени, бүгүн КСДП бийликте олтурат. Атамбаевдин ишенген кадрлары, партиясы Матраимовдун алдына жатып бергендей көрсөтүп, өзүнүн шермендесин чыгарууда. Матраимов эч ким эмес экенин өзү жакшы билет, бирок азыркы президенттен өч алуу максатында ошону козгоп жатат. Эки достун таарынычы да Сапар Исаков менен Матраимовдун айынан башталып жатпайбы. Атамбаев ошол таарынычтан чыга албай жүрөт. Экс-президент андан жогору болуш керек, уят иш. Кыргызстанда бул система турганда Матраимовго окшогондордун нечени болот. Андайларды бийлик өзү жаратып, пайдаланат дагы, кереги жок болгондо ыргытып жиберет. Атамбаев деле ошону кылды. 7 жыл бийликте туруп, унчукпай эле олтурду го. Менин күчүм жетпей жүргөн деп айтып келсе бир жөн. Мен үчүн Матраимов мага окшоп иши жок жүргөн адам. Аны “ажыдаар” кылып жаткан экс-президенттин саясаты. Матраимов акчалуудур, андай жигиттер толтура да. Атамбаев өзү деле “миллионермин” деп жатпайбы.

— Матраимов чоң саясатка таасир бере албайбы?

— Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам.

— Президент менен жолуккандагы сүйлөшүүңөр катуу болду деп уктум эле…

— Аябай катуу болду.

— Аппаратыңдагылар сага баш ийбейт, башка күчтөргө баш ийет деп катуу айтканыңыз чындыкпы?

— Ошентип эле катуу айттым. Фактылап далилдеп да айтып берсем, ошондойбу деп калды. Кошоматчыларды эмес, күчтүү адамдарды жаныңа топто дедим. Биринчи жолукканда эле дипломатиялык этиканы кармап сүйлөшөлүбү же илгеркидей Соке, Азике болуп сүйлөшөлүбү?– дегенде, “Соке, Азикедей болуп сүйлөшөбүз” деп келишкенбиз. Бизде ошондой тартип бар. Барганда эле “Качан ишти баштайсың? Ушинтип жүрүп мөөнөтүңдү өткөрүп жибересиңби?” деп кекиртектен алам.

— Кийинки шайлоодо Жээнбеков өзүнүн партиясын парламентке алып келгенге аракет кылабы?

— Сооронбай аракет кылбаса деле, “Биз Сооронбайдыкыбыз” деп партия түзүп келе беришет. Буга депутат болуп олтургандар үйрөнүп алышты. Канча акча кетерин да билишет. Кимди кайсыл жерге олтургузушту үйрөнүп бүтүштү. Матраимовдун спорттук иш-чарасына дагы Кара-Сууда мынча шайлоочу бар, ушул жардам берет деп барышты да. Булар 2 партияны өздөрү түзүп алып келишет да, “Сизди колдойбуз, кылычыңыз болуп беребиз”деп шуулдашат. Каалагандай акча бар буларда.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: