“Биз, кыргыздын жигиттери кечээ, 8-март Аялдардын эл аралык майрамын кыздарыбызды, энелерибизди, жалпы аялзатын кызуу куттуктап жаттык. Ошол мезгилде борборубузда болгон окуяны мен көрүп, аябай зээним кейиди”, – деп билдирди бүгүн, 9-мартта КР Жогорку Кеңешинин депутаты, “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өзүнүн видеокайрылуусунда.
“Качан кыргыздын жигиттери башына калпак кийип, бетин беткап менен жаап, сабады эле? Мындай көрүнүш менимче бул жапайычылык, бул сабатсыздык, бул алсыздык! Кыргыздын жигиттери элин коргогон, жерин коргогон, кызын коргогон. “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дейт. Урматтуу жигиттер, көзүңөрдү ачкыла, жасаган иштериңер такыр туура эмес. Жигит деген, мырза деген, эркек деген андай болбойт. Алсыздарга кол көтөрүү, назиктерге кол көтөрүү – бул алсыздык! Мен аларды кыргыздын мырзасы, жигити деп айтышка оозум барбайт. Ал жигиттер алсыздар. Кыйын болсоңор бетиңердеги беткапты чечип, келгиле, сүйлөшөлү!” – деп кайрылды Алтынбек Сулайманов.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 8-мартта Бишкекте башталган Феминисттик жүрүштү “Кырк чоро” коомдук уюмунун жигиттери “гей-парад” деп атап, күч менен кууп-таратып салышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ