Бүгүн, 12-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын төрагасынын экс-биринчи орун басары – Антикоррупциялык кызматтын директору Дүйшөнбек Чоткараевди тергөө аяктаганга чейин УКМКнын абагына камакка алды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Мурун маалымдалгандай, УКМК аткезчилик жол менен ташылып келе жатып колго түшкөн 22 кг алтын боюнча кылмыш ишин иликтөөнү улантып жатат.
Тергөө иштеринин натыйжасында бул кылмыш ишине УКМКнын төрагасынын экс-биринчи орун басары – Антикоррупциялык кызматтын директору Дүйшөнбек Чоткараевдин тиешеси бар экени аныкталды.
Тергөө тарабынан Дүйшөнбек Чоткараевдин бул кылмыш иши боюнча кармалган кылмышкерлерди мыйзамсыз бошотуп жиберүүгө жана кармалган 22 кг алтынды айыпкерлерге кайтарып берүүгө түздөн-түз тишеси болгонунун таналгыс далилдери табылды.
Буга байланыштуу бүгүн, 12-декабрда КР Генералдык прокуратурасы Дүйшөнбек Чоткараевге КР Кылмыш кодексинин 320-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана 223-экономикалык контрабанда беренелери боюнча кылмыштарды жасоого шектелип жатканын угузду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ