Menu

КР Өкмөтү Дүйнөлүк соода уюмуна кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча расмий кайрылуу жолдоду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүгүн, 17-октябрда, Дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча расмий кайрылуу жолдоду. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Кайрылууга Казакстан Республикасы Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндөгү башкы макулдашууну жана макулдашуудагы негизги ченемдерди бузгандыгы негиз болгон.

Маалымдай кетсек Казакстан Республикасы күтүлбөгөн жерден 2017-жылдын 10-октябрында кыргыз-казак жана орус-казак мамлекеттик чек араларына кошумча текшерүү чараларын киргизди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын унаалар көп өтүүчү «Ак-Жол» жана «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү пункттарынан унаалардын өтүүсү 2,4 эсеге кыскарган.

Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасы менен бирдей Дүйнөлүк соода уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп эсептелгендиктен толугу менен Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагында өз укугун коргойт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: