Menu

Видео – БШКдан Садыр Жапаровду шайлоодон четтетүүнү суранган саясатчылардын тобуна жарандар жооп беришти

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоого Садыр Жапаров катышпасын деген саясатчыларга Жапаровду колдогон жарандар жооп кайтарды.

“Текебаев жазган Баш мыйзам менен 30 жыл жашадык. Бизге эмне пайда алып келдиңиз? Уялыңыз Өмүрбек Чиркешович. Адахан Мадумаров, кыйын экенсиз кылган ишиңиз үчүн элдин алдына келип жооп бериңиз. Садырды бүт кыргыз эли колдойт. Керек болсо, четтеги элдер да колдойт. Бул баланын тагдырын угуп алып биз, энелер аябай ыйлады” – деди Жалал-Абад шаарынын Жылдыз Кочкорбаева аттуу тургуну.

Жалал-Абад шаарынын Адылбек Абдылдабеков аттуу тургуну Садыр Жапаровду эл колдой турганын айтты.

“Мадумаров, Исаев, Асановдор элдин кыжырына тийип коюшту. Элдин 70-80% Садыр Жапаровду колдоп жаткандан кийин башка сөз деле болбошу керек” – деди ал.

“Жети облустун эли Садыр Жапаровду колдойт деп ойлойм. Эгерде Садыр Жапаровго каршшы чыга тургандар болсо, эртең дагы чоң төңкөрүлүш болот” дейт Алай районунун тургуну Паркан Темирова.

Жалал-Абад шаарынын дагы бир тургуну Чолпон Кочкорбаев акыркы учурда Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Бектур Асанов өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго карата каралоо иштери жүрүп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлердин тобу БШКга кайрылып, Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттабоону суранган. Кечээ, 12-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровду президенттик шайлоого талапкер катары каттоого каршы жазылган арызды канааттандырган жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: