Menu

ИИМ: ШКУ саммитин өткөрүү учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир жолдорунда убактылуу чектөөлөр коюлат

Бөлүшүү:

ШКУ мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда Кыргыз  Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп,  аталган иш-чарада жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 1000 жакын кызматкер тартылат. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Делегациялар өтө турган Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында иш-чараларды өткөрүү жайларында, көчөлөрдө, жолдордо маал-малы менен жолдор убактылуу жабылат. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өтө турган
иш-чаралардын жанында 12 эвакуаторлор тартылат. Такталбаган жерлерде токтотулган жана кароосуз калган автоунаалар эвакуацияланат.

Маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу  Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББсы шаардын тургундары менен жашоочуларын түшүнүү менен кабыл алууларын суранат! Айдоонун эрежелери менен маданиятын сактаңыздар. Транспорт каражаттарын такталбаган жерлерге токтотпоңуздар жана кароосуз калтырбаңыздар. Карама-каршы тилкеге чыгып, тыгындарды жана жол кыймылынын башка катышуучуларына ыңгайсыздыкты жаратпаңыздар!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: