Ооган талибдери Москвадагы көп тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөргө катышуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги «Талибан» кыймылынын жогорку даражадагы өкүлдөрүнө шилтеме кылып билдирди.
Бирок талибдердин өкүлдөрү Орусияга баруу тууралуу расмий макулдашуу бар экенин четке кагышууда.
Орусия жетекчилиги бул сүйлөшүүлөргө 12 өлкөнү жана Ооганстандагы «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүн чакырган. Москвадагы жолугушууга Иран, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрү катышууга даяр экендиктерин билдиришкен. Кремь тарабынан уюштурулган сүйлөшүүлөргө Ооганстан менен АКШ бийлиги катышуудан баш тарткан.
Буга чейин Кошмо Штаттардын бийлиги Орусияны талибдерге оор курал-жарак жеткирүүгө айыптаган.
2003-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши, андан соң Орусиянын Жогорку соту «Талибанды» террордук уюм деп тапкан.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ