Кечээ, 11-декабрда өткөн аптада эле “Кыргыз Республикасынын эмгек миңирген машыктыруучусу” ардак наамы ыйгарылган Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Азия футбол конфедерациясынын маалымат кызматына интервью берип: ”Кыргызстандын улуттук курама командасында Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган 2019-жылдагы Азия кубогунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар”, деп билдирди.
“Биз Азия кубогунун деңгээлин дагы, өзүбүздүн дараметибизди дагы реалдуу таразалай билебиз. Бизде баары бар. Тапшырмаларды алдыбызга тепкич-тепкичи менен коёбуз. Башкы милдет – группадан суурулуп чыгуу. Анан алга карай кадам артынан кадам таштоо”, – деген А.Крестинин бул турнирде кыргызстандык футболчулар өздөрүнүн эң мыкты оюнун көрсөтөөрүнө үмүттөнгөндүгүн жашырбайт.
“Азия кубогу футболчуларыбыз үчүн да, жеке мен үчүн да алгачкы олуттуу турнир. Бизде алдын жетишинче ойноо эмес, конкреттүү максаттарды ишке ашыруу калоосу күчтүү. Биз буга чейин командабызды өстүрүп, күчтөндүрүүгө жетиштик. Эми ошол жетишкендикти андан ары улантышыбыз керек”, – деген ал.
Азия кубогу – 2019 5-январда башталат. Ал эми Кыргызстан курамасынын алгачкы оюну 7-январда Кытай курама командасы менен болот.
Эске салсак, Кыргызстандын футбол курамасы учурда Катар мамлекетинде машыгууларды өткөрүудө. Катардагы Азия кубогуна даярдыктын алкагында кыргыз курамасы менен Иордания, Палестине, Кувейт курама командаларынын ортосунда жолдоштук мелдештерди өткөрүу да пландаштырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ