Талас облусунун Талас районундагы Кара-Суу айылынын тургуну Бекмырза Барпиев 26 жаштагы Луи аттуу филиппиндик кызга үйлөнгөн. Бул тууралуу Turmush маалымат агенттиги жазып чыкты. Бекмырза 3-курсту бутүп, Дубайдагы мейманканалардын биринде иштеп жүргөндө Луи эс алууга келет. Дал ошол учурда алар таанышкан. “2014-жылы 2 кыз эс алууга келди. Бири менин болочоктогу жубайым эле. Анын жөнөкөйлүгү жана боорукерлиги мени өзүнө тартты. “Фейсбуктан” достошуп, кыз-жигит катары сүйлөшө баштадык”,- дейт Бекмырза. Ооба, алыста жүргөн кыргыз журтташтарыбыз чет жерде ар кандай жашоо өткөрүп жатканы маалым. Арасында азабын тартып, эл жерге болгон сагынычы, кусалыгы менен жүргөндөрү да жок эмес. Сыртта жүргөн мекендештерибиздин жашоосу бизге кызык. Алар ал жакта кандай турмуш улап, эмне менен алек экени да маанилүү. Иштеп, эл жерине, ата-энесине акча жөнөткөнү эле мааниге ээ эмес. Бөлөк элде кыргыз деген атты улук кармап, баштарын бийик көтөрүп жүрүшөбү? Ооба, ошентет кыргыз. Ал турсун минтип, башка улуттун кыздарын сүйдүрүп, ээрчитип келе алышат. Сүйүүгө арга жок эмеспи. Айлабыз канча, кыргыз жигити минтип тээ алыскы филиппиндик кыздын жүрөгүн багынтып, кыргызга жүгүнтүп, башына ак жоолук салып отурат. Филиппиндик кудалар кут болсун, кыргыз! Жээндерден эмес, өзүбүз тараптан муун алмашканынан айтсын дей туралы. Эки жаш бактылуу болушсун!
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ