Menu

Төлөгөн Наралиев, апрель баатыры: “Өмүрбек Суваналиевди кызматка тарталы”

Бөлүшүү:

Илгери Иосиф Сталиндин “кадрлар баардыгын чечет” деген сөзү Советтер Союзуна кана эмес, бүт дүйнө элдерине тараган эле. Ал кезде идиреги барларын тандап, окутуп, комсомолго өткөрүп, чама-чаркын байкачы эле. Тири карагын партияга кабыл алып, тапшырма берип, ага наставник бекитип, электен өткөнүн жооптуу кызматка даярдап…

Эми “ торпокбайларды” жетелеп келип, тополоңдо укмуштай кыйкырса эле, жооптуу кызматка коюша салып, жетелеп келе жатышат. Анысы, же “күйдүм чокту”, же бурулчанын селкинчегин ырдай албай дудук, эки көзү бар, бирок көр болуп кор болушууда. Мына кадрларга болгон мамиле.

Эгерде аларды “кыйкырыкчыларды” тарбиялап, улам бийиктиктерге көтөрсө, мүмкүн мыкты кадрлар чыгаар. Бирок, жаштарга наставниктер жок болуп жатпайбы. Ага “үлкөндөр” баа бербей жатбайбы. Жаштарда да, мыкты чыкмалар бар. Бааланбай жатышы ошолордон. Экинчи жагы мыкты кадрлар көз жаздымда. Көрүп эле жүрүшөт көсөмдөр. Бирок андайларды жолотушпайт.

Мисалы, Өмүрбек Суваналиев (Комиссар Катани) Кыргызстандын бардык региондорунда иштеди. Министр, губернатор болду. Бош коюшту. Кайра мамлекеттик кызматка алып келишти. Дагы бош коюшту. Ушундай да, болобу бурадар? Ал даяр такшалган, кадр маселени эркин чечээр мезгили да. Аны мамлекеттин өсүп өнүгүшү үчүн оор жерге коюп, башка кадрларга үлгү кылса далай мыкты кадрлар өсүп чыкбайбы, ыя!

“Кадрлар баарын чечет” деген сөз чын болсо Өмүрбек Суваналиевти жогорку жооптуу кызматтарга тайманбастан алып барышы туура болмок. Өмүрбек Суваналиев мыкты саясатчы, чарбаны жакшы билген иштерман, эл менен иштеше билген көсөм. Колу-жолу таза дешет. Анда эмне үчүн аны пайдаланышпай жатышат, бурадар!

Кайран кана кыргыздар “кыргызчылык-көрө албастык” ичи тардык, өз көмөчүнө күл тартуу, жердешчилик дагы ушундай оорулар бар, ээ! Ошолор жоголсо, мамлекет өз ордун табаар эле. Ушул катыбызды калк туура маанисинде кабыл алса, жетекчилер аны колдосо болоор эле! Күтөлү бурадар! Чыдайлы…

Ак ниет тилек-тилеген адамдар тобунун  атынан Төлөгөн Наралиев, апрель баатыры

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: