Бүгүн, 7-декабрда УКМКнын экс-төрагасы, учурда президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев “Азаттыкка” берген маегинде Садыр Жапаровду дебатка чакырды.
Анын айтымында, акыркы 10 күндө ар кандай күчтөр ортомчуларды салып, ага “каалаган кызматты тандап ал” деп жатат. Ал эч качан сатылбай турганын, шайлоо өнөктүгү башталса, дебаттарда бардыгын ачыктай турганын кошумчалады.
“Мен эң күчтүү талапкерди дебатка чакырам” – деди Абдил Сегизбаев.
Алып баруучу “сиз Садыр Жапаров жөнүндө айтып жатасызбы?” деп тактады.
“Ооба, ошол киши жөнүндө айтып жатам. Бетме-бет сүйлөшөлү. Артыбыздан сөз кылбайлы. Эгер эркек болсо, түзмө-түз мага чыксын, дебаттан ар бирибиз өз чындыгыбызды айталы. Кимдин-ким экенин, кимдин кызыкчылыгын көздөп жатканын, кандай максат менен кыргыз элин башкарам деп келе жатканын ошол жерден сүйлөшөлү” – деди Сегизбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ