АКШнын демократтар басымдуулук кылган өкүлдөр палатасы келерки жылга карата өлкөнүн коргонуу бюджетин кабыл алды.
Президент Дональд Трамп долбоорго вето коюшу ыктымал экенин жарыялаганына карабай, бул документти палатадагы республикачылардын көбү да колдоду.
“Коргонуу бюджети жөнүндөгү” мыйзамга конгрессмендердин 89% ашууну “макул” деген добушун берди. Бул палата мүчөлөрүнүн зарыл болгон үчтөн эки добушунан алда канча көп. Документти жалпысынан 335 мыйзам чыгаруучу колдоду, 78и каршы болду.
Коргонуу бюджетинин 730 миллиард доллар деп белгиленген долбоорун эми Сенат карашы керек
Associated Press агенттиги белгилегендей, Конгресстеги лидердер “өтө популярдуу” пакетти жылдырууга кызыктар экенин белгилейт. Долбоор кабыл алынса, аскер кызматкерлеринин айлык акысы дароо 3 пайызга жогорулайт.
Бул мыйзам 59 жылдан бери жыл сайын Конресстеги басымдуу добуш менен кабыл алынат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ