Активист Төрөхан Жунусбеков “MegaCom” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-декабрда тиешелүү буйрукка компаниянын жетекчиси Акылбек Жамангулов кол койгон.
Эске салсак, Төрөхан Жунусбеков митингге активдүү катышкан жарандардын бири. Шайлоодон кийинки башаламандык учурунда ал Бишкек шаарынын мэриясын басып алып, борбордун муниципалитетинин башчысынын милдетин аткарууга аракет кылган.
Кийин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шайлангандан кийин Жунусбеков аны колдоорун билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ