Menu

Эшектен пиар жасагандар

Бөлүшүү:

Өзүнүн адал күчү менен оокатын өткөруп жүргөн эшектин жанын койбогондор аз болсо да арабызда жүрөт. Айрыкча эшек дегенде жантыгынан жата калчулар да бар экен. Улам эстеген сайын эшектин безине тийип капталдан качырышат. Күн алыс капыстан ошол жаныбардын этинен куурдак жегендей секиришет бүргөдөй болуп. Антишсе деле эч нерсе ордунан козголгон жок, баары эле нугунда өткөндөй.

Кызыгы, жалаң эле Ноокатта эшек бизнеси өөрчүп кеткендей опурулушат тимеле. Анан аңды-дөңдү карабай кернейлерин созуп жиберишчү болушту. Баарынан да бийликтин партиясында болду дегиче божомолдоп соктуруп калышат десең. Бекер жерден уламдан-улам Төрөбай Зулпукаровго эшек бизнесин чапташкан жок да? Бир мандеми бар үчүн кара пиардын кулагын чоюп жатышат. Бул депутаттын кылдай да бул чууга тиешеси жок экендигин мээлерине түйгүсү келбейт тигилердин. Төрөбайдын оокаты өзүнө жетиштүү, керек учурда кайрымдуулук иштерине да көмөк көрсөтөт. Кайдагы болбогон кепти чыгарбагылачы?

Маселен, эшектин жүрбөгөн жери жок Кыргызстанда. Ошол эле Нарында, Баткенде, Таласта деле толтура. И-ии баса, эшек бизнесин алгачкылардан болуп атың өчкүр ким эле, Юруслан Тойчубеков баштап байыбады беле? Башыңа жара чыккыр, каерден экенин эстей албай жатпаймбы? Кимде-ким унута элек болсо каердин бизнесмени экенин кийинчерээк айтып койгулачы, суранам? Негизи дале болсо эшектен пайда тапкандар кыпчуурдай болуп жүрүшөт дейт, изилдеп чыккандар. Ошентсе да мындан кийин аныгын билбей туруп, бул кыңыр ишке Төрөбайды байланыштырбагылачы, бай болгурлар? Эгер тастыктап берчү бирөө бар болсо эл алдына чыгып фактысын ачыктап берсин.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: